super.kg logo
  Саясат  

Депутат Каныбек Иманалиев: "Атамбаевге коюлган айыптар канчалык негиздүү экенин аныктоого 2 күн эле жетиштүү". КҮНСОБОЛ

 

Эртең, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча чечим чыгарат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура болдубу?" деген собол салды. Буга карата Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу иши мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтты.

"Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы аны макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтом долбоору боюнча иликтөө иштерин жүргүзбөйт. Парламент койгон маселе канчалык негиздүү экенине "бар" же "жок" деп жооп берет. Антип жооп берүү үчүн чоң иликтөөнүн кереги жок. Мисалы, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү 3 күн иштедик, бирок 2 күндө бүтүрчү иш эле. Башкы прокуратураныкы деле ошондой. Атамбаевге коюлган күнөөлөрдө негиз барбы же жокпу деген суроого жооп табууга 2 күн эле жетиштүү", - деди Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: