КТРКнын Байкоочу кеңешине төрага болуп Жыпар Жекшеев үчүнчү мөөнөткө шайланды
КТРКнын байкоочу кеңешине төрага болуп Жыпар Жекшеев шайланды. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Байкоочу кеңештин төрагалыгына Жыпар Жекшеев жана Нурия Айдабосунова талапкерлигин койгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Жыпар Жекшеев 12 добуш менен үчүнчү мөөнөткө шайланды", - дейт ал.
Добуш берүү жашыруун жүргүзүлүп, ага Байкоочу кеңештин 15 мүчөсү тең катышкан. КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамы 5 жылда, ал эми кеңештин төрагасы жыл сайын шайланып турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.