super.kg logo

Молдавияда орусиялык ырчы Жасминдин күйөөсүнүн мүлкү камакка алынды

 

Молдавиянын прокуратурасы орусиялык ырчы Жасминдин күйөөсү, жеке ишкер, депутат Илан Шордун мүлкүн камакка алды. Ошондой эле алар аны эл аралык издөөгө жарыялоону талап кылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Шор Молдавиянын банк системинен Ички дүң продуктунун 20 пайызына тете акчанын чыгарылып кеткендиги тууралуу иш боюнча өтүп жатат. Башкы прокурордун билдиргенине ылайык, Шор соттун чечимине баш ийбестен мамлекеттен чыгып кеткен. Анын бир нече компаниядагы активдери камакка алынган.

Шор буга чейин "Bаncа de Economii" банкынын директорлор кеңешинин башчысы жана негизги акционерлердин бири болгон. 2014-жылы 3 банктан чет өлкөгө 1 миллиард долларга жакын акча чыгарылып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши 2015-жылы козголгон. Тергөөнүн божомолдору боюнча акчалар кайтарылгыс насыя катары чыгарылган.

Бул окуядан соң ырчынын күйөөсүн үй камагына алышкан. 2015-жылдын июнь айында Оргеев шаарынын мэрлигине өз талапкерлигин коюп жеңишке жетишкен. Ошол эле жылдын октябрь айында Шор милицияга күнөөсүн моюнуна алып келип, мурдагы премьер-министр Влад Филатка каршы көрсөтмө берген. Сот Филатты 9 жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми 2017-жылы Шорду сот 7 жылга эркинен ажыраткан, бирок ишти Молдавиянын Апелляциялык палатасы карай элегине байланыштуу эркиндикте калган. Палата ишти кароону улам кийинкиге жылдырып жатып, процесс башталган эмес. Бул убакта Шор партия түзүп парламенттин депутаты болгонго жетишкен.

Ал эми 14-июнь күнү Молдавиянын Демократиялык партиясы оппозицияга өткөнүн билдиргенде Шор жана партиянын лидери Владимир Плахотнюк өлкөдөн чыгып кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: