super.kg logo
  Спорт  

"Дордой" "Худжанд" клубун 3:0 эсебинде жеңип, быйылкы жылдагы АФК Кубогунда жүрүшүн жыйынтыктады

 

Бүгүн, 26-июнда өлкө чемпиону "Дордой" быйылкы жылдагы АФК Кубогунда жүрүшүн жыйынтыктады. Бишкектик команда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Худжанд" командасы менен кез келди.

Бүйүр кызыткан оюндун жүрүшүндө "Дордой" клубу жеңишке жетишти. Алгач оюндун 6-мүнөтүндө Вахыт Оразсахедов гол киргизип, эсеп санын ачты. Андан соң Мирлан Мурзаев оюндун 44-мүнөтүндө атаандаштарынын дарбазасына дагы бир гол киргизди. Ал эми Артур Валикаев оюндун 60-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти 3:0гө айлантты.

Көптөгөн чабуулдарды уюштуруп, канча аркет кылса дагы коноктор талаа ээлеринин голдоруна жооп кайтара алган жок.

Айта кетсек, "Дордой" АФК Кубогунда "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. 5 турдан кийин "Дордой" 4 упай гана топтоп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
26.06.2019. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизге жеңиш жылмайып калаар.... Ийгилик жигиттер эч качан артка кетпегиле.. Жетишкендиктер алдыда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: