Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров 10 жылга эркинен ажыратылды
Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров коррупцияга айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Ташкент шаардык соту Кадыровду пара алуу, опузалоо, финансылык мыйзамдарды бузуу, салык төлөөдөн качуу, сот акыйкаттыгына бут тосуу боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Мурдагы башкы прокурор 2018-жылы февралда камакка алынган. 66 жаштагы Рашид Кадыров Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл жетектеген. Ал 2015-жылдын апрелинде кызматтан алынган. Кадыров Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири деген маалыматтар да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.