super.kg logo

Жай Beeline менен! Туруктуу байланыш, Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээгинде жогорку ылдамдыктагы интернет

 

Көл жээгине эс алууга барганда жакындары, достору менен сапаттуу байланыш түзө албайм дегендер үчүн атайын сунуш. Баары көзөмөлгө алынган. Анткени Beeline Ысык-Көлдөгү станциялардын кубаттуулугун арттырып, кошумча станцияларды орнотту. Эми эс алуу түштүк тарапта болобу, түндүк тарапта болобу жакындар менен байланышуу жөпжөнөкөй болуп калды. Beeline сиздин дайыма байланышта болушуңуз үчүн кызмат кылат.

Ысык-Көлдүн аймагында жалпысынан 33 4G жана 41 3G интернет станциясы ишке киришти. Тагыраагы, Ысык-Көлдөгү калк отурукташкан аймактардын баары жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болду.

Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүнүн бермети болгон көлгө келген чет элдик меймандарга Beeline компаниясы уникалдуу "Жайкы" тарифин сунуштайт. Бул тариф өлкөгө келген туристтердин жана меймандардын суроо-талабына жооп берет. Аталган тариф Кыргыз Республикасынын жарандарына сатылбайт.

"Жайкы" тарифи менен SIM-карталар аэропорттон туристтерге таратылат. Мындан тышкары SIM-карталарды Ысык-Көлгө бара жаткан трассадагы сатуу түйүндөрүнөн, пансионаттардан, конок үйлөрдөн, Казакстан менен чектешкен аймактан жана туроператорлордон сатып алса болот.

Бул тариф Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн абоненттин чет өлкөгө болгон чалуулары чектелбешин камсыздайт. Тагыраак айтканда, абонентке 200 мүнөт Орусия, Казакстанга акысыз чалуу (Beeline тарифинин абоненттерине), социалдык тармактарга 200 ГБ интернет жана 10 ГБ кошумча берилет. Туристтер үчүн акысыз чалуулар жана интернет топтому 10 күнгө берилип, баасы 200 сомду түзөт.

Өлкөнүн меймандары үчүн күтүүсүз белектерибиз муну менен чектелбейт. SIM-картаны активдештиргенде абонентке тамактануучу жайлардагы, пансионаттардагы, дүкөндөрдөгү жана башка көңүл ачуучу жайлардагы арзандатуулар тууралуу маалыматты камтыган СМС билдирүү келет. Мындай мүмкүнчүлүк "Жайкы" тарифинин ээлери - чет элдик меймандар үчүн иштелип чыккан.

Эс алуу, эсте калган учурлар тууралуу жакындар менен бөлүшүү жана дайыма байланышта болуу Beeline менен бирге жөпжөнөкөй. Жай мезгилинин cоңуна чейин байланышта болуңуз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: