super.kg logo

Депутат Сосновкада унаа тыгыны болуп жатканын айтса, министр айдоочуларды күнөөлөдү

 

"Сосновка" өткөрмө постунда электрондук шлагбаумдар толук кандуу иштебей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда парламенттин жыйынында депутат Эрмамат Тагаев билдирди.

Анын айтымында, аталган постто иштегендер акча алуу үчүн жасалма унаа тыгынын жаратып, бир тилкени калтырууда. Ал транспорт жана жолдор министрине кайрылып, "Сосновкадан" өткөн унаалардын саны боюнча эки башка маалыматтар түшүп жатканын айтты. "Сиздин маалыматыңыз боюнча 5 айда посттон 72 миң унаа өтүптүр, ал эми мага келген маалыматтар боюнча, 151 миң унаа өткөн" деди Тагаев.

Министр Жанат Бейшенов жооп бергендей, "Сосновкадагы" пост анын көзөмөлүндө турат. "Бул посттон киреше 20 пайызга өстү. Айрым учурларда ар кандай себептер менен шлагбаумдар иштебей калууда. Айдоочулар шлагбаумду сүзүп жатышат же электр энергиясы өчүп калат. Күн сайын ар кандай үзгүлтүккө учуроолор болууда", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.06.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупциянын баары ушул жерде министр дагы доляда, мен коп отом ал жерден эгер Таластан келген машина 70 сом толош керек болсо 30-40 сом берип чек албай отот,грузовойлор тем более, свет очуп калат , шлагбаум иштебейт деген жон шылтоо
27.06.2019. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоочулар куноолу де.Оздору аппак канча жесе дагы куноолуу эмес
27.06.2019. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы жакшы автоунаалар куноолуу деп айтпаптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: