super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратты (тизме)

 

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралды. Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов корутундусун окуп, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Жыйынтыгында парламент Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чечимди кабыл алды. Бул чечимге 103 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берди, 1 депутат добуш берген жок. Калган 10 депутат добуш берүүгө катталган жок.

"Каршы" деп добуш бергендер:

  1. Ирина Карамушкина
  2. Асел Кодуранова
  3. Мурадыл Мадеминов
  4. Карамат Орозова
  5. Альфия Самигуллина
  6. Анвар Артыков

Катталып бирок добуш берген жок:

  1. Насыр Мусаев

Добуш берүүгө катталган жок:

  1. Мухтарбек Айнакулов
  2. Осмонбек Артыкбаев
  3. Данияр Аттокуров
  4. Дастан Бекешев
  5. Кенжебек Бокоев
  6. Руслан Казакбаев
  7. Рыскелди Момбеков
  8. Зарылбек Рысалиев
  9. Бактыбек Сыдыков
  10. Чыныбай Турсунбеков

Маалымат үчүн: Алмазбек Атамбаев мындан ары экс-президент деп атала бергени менен андан экс-президент деген макамга тиешелүү артыкчылыктары алынат. Мурдагы президенттин кандай артыкчылыктарга ээ экенин ушул шилтемеге кирип окуй аласыз.

Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу процедураларын киргизүүгө багытталган мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын апрель айында кабыл алып, май айында ага президент кол койгон. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча чечим кабыл алуу учурунда "мыйзамдын артка кайтууга күчү жок" деген сын болгон.

Мурдагы президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.

Жеке Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 27 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: