Лейлекте кооптуу көлмөлөрдө кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө



Маалым болгондой, Лейлек районундагы Тогуз-Булак айыл аймагында жайгашкан Тоо-Бүркүтү эс алуу лагеринде жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын окуучулары 26-марттан бери эс алып жатышат. Алардын коопсуздугун сактоо максатында Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнөн бир кызматкер атайын бөлүнүп, лагерде эс алып жүргөн өспүрүмдөр менен тынымсыз иш алып барууда.
"Лейлек райондук, Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жайкы каникул учурунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында жер-жерлердеги эс алуучу жайларда болушууда. Алар кооптуу көлмөлөрдө, калк жыш топтолгон жерлерде, жайлоолордо кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жергиликтүү тургундарга жана өспүрүм балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Сүлүктү шаарында жыл башынан бери өспүрүмдөр арасында 4 кылмыш иши катталып, алардын баарынын бети ачылган", - деп айтылат маалыматта.



1 |