super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште уран, торий кендерин изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралды

 

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутаттардын бири Алмамбет Шыкмаматов баяндама жасады.

Анын айтымында, мыйзам долбоору менен уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары, сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат.

"Мыйзам долбоору рекультивация иштерине жайылтылбайт. Уран, торийди сырттан алып келип, Кара-Балтадагы комбинаттан иштетүүдө Кыргыз өлкөсү экологиялык жактан утулуп жатат.

Аталган кендерди экологияга зыян келтирбеген технологиялар пайда болгон мезгилде иштетели, аны келечекке калтыралы. Кара-Балтадагы комбинат жумушсуз калбайт, алтын жана башка кендер аффинаждалат", - деди Шыкмаматов.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: