super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Эки "достун" тиреши жарандык согуш коркунучун жаратпайбы? УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов: "Саясий карама-каршылыктар чечилиши үчүн эмне кылуу керектигин биздин саясий элита билбейт"

 

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратты. Буга чейин аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын комиссия чечимин Башкы прокуратурага жөнөткөн. Башкы прокуратуранын корутундусу чыккандан кийин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны коргоо штабы түзүлүп, боз үйлөр тигилип, тарапташтары топтолду.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эки "достун" тиреши жарандык согуш коркунучун жаратпайбы?" деген соболуна УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов жооп берди.

“Баары ачык эле ошол нерсеге даярданып жатканы көрүнүп жатпайбы. Анан даярданган нерсе болот да. Элге бул нерсе керекпи же керек эмеспи деп эч ким сураган жок. Эки тарап өз ара максаттарын ишке ашыралы деп жатат. Карапайым калкты эч ким ойлогон жок.

Тарыхта кандай болгонун баарыбыз билебиз. Эми дагы кайталанат окшойт. Саясий өзгөрүүлөр бир эле жол менен жасалат. Ал - революция. Саясий карама-каршылыктар чечилиши үчүн эмне кылуу керектигин биздин саясий элита билбейт. Эгерде алар билбесе ким үйрөтөт? Ошондуктан өз билгенин, колунан келгенин жасайт", - дейт Мамытканов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: