super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Феликс Кулов: "Эгер Атамбаев бир эле адамдын көрсөтмөсү менен камалса, мен биринчи болуп аны коргоп чыгам". КҮНСОБОЛ

 

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратты. Буга чейин аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын комиссия чечимин Башкы прокуратурага жөнөткөн. Башкы прокуратуранын корутундусу чыккандан кийин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны коргоо штабы түзүлүп, боз үйлөр тигилип, анын тарапташтары топтолду.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эки "достун" тиреши жарандык согуш коркунучун жаратпайбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов жооп берди.

"Азыркы жана мурдагы президенттердин тиреши жарандык согушка жеткириши мүмкүн эмес. Муну эки тарап тең жалпыга жарыялаш керек. Айрыкча Атамбаевдин тарапташтары муну айтышы зарыл, себеби бүгүнкү күндө экономика эң мыкты абалда эмес. Аны жакшыртуу үчүн инвестиция керек. Эгер инвесторлорду жарандык согуш менен коркута берсек, бизге эч ким келбей коёт. Жергиликтүү инвесторлор да кетип калышат.

Саясатчылар, депутаттар, массалык маалымат каражаттары "эч кандай жарандык согуш болбойт, азыр болуп жаткан кырдаал мыйзам ченемдүү процесс" деп айтышыбыз керек. Атамбаев тараптан ашыкча иштер болуп жатышы мүмкүн, бирок сотто баары аныкталып белгилүү болот. Эгер бир эле адамдын көрсөтмөсү менен Атамбаев камалса, мен аны коргоп чыгам. Эгер далилдер бар болсо, так фактылар керек", - деди Кулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: