super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы расмий түрдө жабылды

 

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеӊештин өткөрүлгөн жыйыны менен 6-чакырылыштагы парламенттин 5-сессиясы өз ишин аяктады. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жыйын соӊунда расмий түрдө жарыялады.

Ал депутаттар сессия мезгилинде кыйла алгылыктуу иштөө менен өлкөнүн мыйзамдык базасын чыӊдоого жана өркүндөтүү максатында маанилүү мыйзамдарды, токтомдорду, чечимдерди кабыл алышканын айтты. Ошондой эле өлкө экономикасын көтөрүүгө жана калк турмушун жакшыртууга багытталган көптөгөн орчундуу иш-чаралар өткөрүлгөнүн баса белгилеп, алгылыктуу аракеттери үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ошентип, Жогорку Кеӊештин регламентине ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы.

Жогорку Кеӊештин келерки сессиясы мыйзам талабына ылайык, сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө өз ишин баштоого тийиш.






Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы расмий жабылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: