Сурангандын баары менен сүрөткө түшкөн Алмазбек Атамбаев: "Өзүм селфи кылып көргөн эмесмин"










Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамынан ажыратуу чечимин карап, ага 103 депутат "макул" деп добуш берди. Андан кийин КСДП Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө маалымат жыйын өткөрдү. Буга чейин Кой-Ташта "Элдик штаб" түзүлгөн. Маалымат жыйындан кийин Атамбаев штабга чогулгандар менен жолукту. Көпчүлүк ал менен сүрөткө түшүүнү суранып, Атамбаев эч кимдин мындай суранычын четке каккан жок. Ар бири менен шашпай селфи кылып жаткан Атамбаевге "Өзүңүз селфи кылып каласызбы?" деген суроо узатты.
"Жок, мен андай кылган эмесмин, селфи кылбайм", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
7

Буткул Кыргызстан элин сабырдуулукка жана тынчтыкка чакырып кетет элем! !!
Теке менен Жапаровду да дал ушундай адилетсиздик менен алып барып камап салган эле, өзүнө оппонент болуштан коркуп. Эми ошолордун кадырын билип жатса керек.