super.kg logo

Түштүк Кореядагы атактуу түгөйлөрдүн ажырашуусуна Пак Бо Гом себептүү деген кеп тарады

 
Актёр Пак Бо Гом
"Сүйлөшкөн жигитим" сериалы башталар алдындагы маалымат жыйыны учурунан.

Түштүк Кореядагы белгилүү жубайлар Соң Жуң Ки менен Соң Хе Кйо ажырашып жатышканы 27-июнда белгилүү болду. Эки артисттин тең агенттиктери маалыматты ырасташты. Ажырашууга атактуулардын ортосундагы айырмачылыктардын көптүгү себеп болгону айтылды.

Соң Жуң Ки менен Соң Хе Кйо.

Маалымат интернетте талкуу жаратып, атактуу түгөйлөрдүн ажырашып жатканына актёр Пак Бо Гомдун тиешеси бар деген пикирлер айтылды. Бул кептерге да негиз бар эле. Өткөн жылдын күз айында актриса Соң Хе Кйо менен актёр Пак Бо Гом чогуу сериалга тартылып, сүйүшкөндөрдүн ролун аткарышкан.

Пак Бо Гом менен Соң Жуң Ки бир агенттик менен иш алып барышат жана чыгармачылыктагы жакын достордон экени белгилүү. Түгөйлөрдүн үйлөнүү тоюна катышкан саналуу коноктордун катарында Пак Бо Гом да бар эле. Айың кептер тарагандан кийин эле Blossom Entertainment агенттиги жалган маалыматтарды жайылткандарга чара көрүлөрүн эскертти. Андан соң "27-июнда биздин артисттерди каралап, жалган маалыматтарды тараткандардын үстүнөн сотко кайрылдык" деген билдирүү таратты.

Жубайлардын таанышы басылмаларга "ушул жылдын башынан тартып экөө ажырашуу тууралуу ойлонуп башташкан. Соң Жуң Ки менен Соң Хе Кйо үчүн оор чечим болду. Бул алардын кийинки жашоосуна кандай таасирин тийгизерин да көп ойлонушту" деп маек берген.

Актёр жакынкы аралыкта коомдук иш-чараларга катышпай турганы белгилүү болду. Ал эми актриса "Анна" аттуу сериалга тартылуу сунушун карап жаткандыгы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
28.06.2019. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бо Гом дегени эркекпи же аялбы ошондо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: