Кызыл-Ордо шаарында мээ кайнаткан ысыкта жергиликтүү тургун боорсокту от жакпай бышырды
Кызыл-Ордо шаарында катуу ысыкта жергиликтүү тургун боорсокту от жакпай бышырды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, аталган шаарда мээ кайнаткан ысык орун алган. Мындай ысыкта жашоочулардын бири жерге казан коюп, ичине май куюп, боорсок бышырган. Аялдын айтымында, абанын температурасы 60 градуска жеткен. "Эч кыйынчылыксыз эле боорсок бышырса болот. Отундун дагы, газдын дагы кереги жок. Кызыл-Ордого келип, боорсок жеп кеткиле", - деген ал.
Ал эми "Gismeteo" сайты ошол күнү катуу ысык болгонун, бирок абанын температурасы 38-40 градуска жеткенин маалымдаган.
Кызыл-Ордо шаарында катуу ысыктан боорсок бышып жатат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Анткени 100°ысыкка боорсок бышпайт,андан дагы камырды салганда муздатып жиберет.
Боорсок быша турган температура болгондо суулары кайнап калмак.