Белгороддо башка мырзага кетип калган аялды жаңы сүйүктүүсү менен кошо жарадар кылып, апасы менен уулун атып кеткен жаран изделүүдө

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 26-июнь күнү кечинде Белгороддогу батирлердин биринде орун алган. Анда сүйүүдөн көңүлү калган мырза андан кол үзгөн сүйүктүүсүнөн өч алган.
"Батирге ок атуучу курал менен кирип келген кылмышка шектүү 34 жаштагы аялды жана анын жанындагы мырзаны жарадар кылып, пенсионер апасын жана 9 жаштагы уулун атып өлтүргөн. Кийин окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерди колго түшүрүү аракеттери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.