Окуучу Нуриддин Юнусов Өзбекстанда өткөн шахмат боюнча Азия чемпиондугунда жеңүүчү аталды
Кыргыз спортчусу Нуриддин Юнусов Өзбекстанда өткөн окуучулар арасындагы шахмат боюнча Азия чемпиондугунда алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу Шахмат федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оюндар 27-июнда өткөн. Юнусов 11 жаштан жогорку жаштагы окуучулар менен күч сынашып 7 мүмкүн болгон упайдан 5,5 упай топтогон. 7 турдун жыйынтыгында окуучу 19 спортчунун ичинен биринчи аталган.
Ал эми Эмир Шаршенбеков жана Азалия Мирлан кызы 4-орунду ээлешкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.