super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Рита Карасартова: "Жогорку Кеңеш экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууну өлкөдөгү эң маанилүү маселе катары көрсөтүп коюшту". КҮНСОБОЛ

 

Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 5-сессиясы расмий жабылды. Бир жыл ичинде парламент түрдүү маанилүү чечимдерди кабыл алды. Ошондой эле депутаттар бир топ чуулуу мыйзам долбоорлорун, токтомдорду жана эл аралык келишимдерди жактырышты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин акыркы сессиясынын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестигин алып салууну Кыргыз өлкөсүндөгү эң маанилүү маселе катары көрсөтүп койду. Себеби экс-президент макамын ажыратууда 3 күн аралыгында атайын депутаттык комиссия чечим чыгарып, Башкы прокуратура баарын 3 күндө изилдеп чыкса, жыйында 40 киши отуруп, 100 киши добуш берди болуп жатса, аябай эле “сонун” болуп калды.

Бирок ошол эле учурда Жогорку Кеңеш “КТ мобайл” же өнүгүү жааттагы башка маселелерге эч кандай көңүл бурган жок. Карапайым калкка эки президент ортосундагы тирешти маанилүү маселе кылып көрсөтүп, 120 адам парламент боло албай калганын дагы бир жолу далилдешти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге "КТ Мобайл" боюнча "моралдык жоопкерчилик каралсын" деген чечим чыгарышты, бирок анда деле бир дагы суроо берилген эмес. Мындай айтканда, “унчукпай койсок болбой калат” деп комиссия түзүмүш болуп коюшту", - дейт Карасартова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: