Ысык-Көлгө эс алууга келген Өзбекстандын жараны сууга чөгүп кетти
Ысык-Көлдө санаторийлердин биринен 69 жаштагы аял көлгө чөгүп кетти. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБи тастыктап, буларды билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 14:20 чамасында санаторийлердин биринде болгон. Анда 69 жаштагы Өзбекстандан келген аял сууга чөгүп кеткен.
"Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келгенде анын каза болуп калганын аныкташкан. Маркумдун сөөгү Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Озбек жаранын да жалко,олум издеп келгенине..
Кудай сактасын деп коюп журо бербей "кыргызча" сак бололу,сактанганды Кудайым сактайт.