Орусиянын мугалимдерине Кыргыз өлкөсүндө иштөө сунушталды
Орусиянын агартуу министрлиги Кыргыз өлкөсүндө 2019-2020-окуу жылына иштөөгө мугалимдерден арыздарды кабыл алуу жарыялады.
Маалым болгондой, жаңы окуу жылына орус тили жана адабияты, физика, математика, химия, биология, маалыматтык технологиялар боюнча жана баштапкы класстардын мугалимдерин Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүү пландалууда.
Орусиянын мугалимдерин чет мамлекеттерде иш менен камсыздоо боюнча гуманитардык долбоор Кыргыз өлкөсүндө 2019-жылдан тарта ишке ашырылууда. "Мугалимдерге айлык маяна төлөнөт. Мындан тышкары алар медициналык камсыздоо, турак жай жана ишке барып келүүгө жол кире менен камсыздандырылат. Бул долбоордо катышуу педагогикалык стажды токтотпойт. Ага катышуу үчүн 5 жылдан кем эмес мугалимдик тажрыйбасы керек", - деп айтылат маалыматта.

Ошол шартты өзүбүздүн жарандарга түшүп берсе,кош колдоп иштеп беришпейт беле!!!
Орустар келип иштебейт!!!