Атамбаев: "Мени кол тийбестиктен ажыраткан айрым депутаттар "айла жок добуш бердик" деп айтышууда"

Бүгүн, 29-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушуп, алардын жана журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Мени кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечимди колдогон айрым депутаттар "айла жок добуш бердик" деп салам-дубайларын жөнөтүп жатышат. Ошон үчүн айткам да алар "чимкирик" деп. Бул ачуу сөз. Депутаттардын аттарын айтсам, аларды такыр эле тебелеп салышат", - деди Атамбаев.
27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечимге 103 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берген, 1 депутат добуш берген жок. Калган 10 депутат добуш берүүгө катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
10

