super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл облусунда рейд жүрүп, 2 күндө 88 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

 
Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 88 жол эрежесин бузуу катталды
Рейд учуру
43 айдоочу унаасынын терезелерин караңгылатып алган

2-4-август күндөрү Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 88 жол эрежесин бузуу катталды. ИИМдин Жол кайгуул кызматы билдиргендей, 11 унаа убактылуу унаа токтотуучу жайга жеткирилди. 2 күндүк рейд учурунда 5 айдоочу тиешелүү документтери жок унааны башкарып жүрүшкөн, 6 айдоочу унаа башкарып бара жатып, телефон менен сүйлөшкөн, 3 айдоочу тиешелүү эмес жерге унаасын токтоткон, 1 айдоочу МАИчилерге баш ийбей, токтобой качып кетүүгө аракет кылган, 43 айдоочу унаасынын терезелерин караңгылатып алган, 3 унаанын мамлекеттик номуру жок болгон, 21 айдоочу коопсуздук курун тагынбай унааны башкарып жүргөн, 5 айдоочу мас абалында болгон. Бул жол эрежелерин бузуу боюнча 88 административдик протокол түзүлгөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: