super.kg logo

Концертте Гүлзат Мамытбек кыргыздын Виаграсы деп аталды (толукталды)

 
Гүлзат Мамытбектин апасы
Казакстандын алтын үндүү ырчысы Кайрат Тутенов менен

Бүгүн, 30-июнда өзүн кыргыздардын деми атаган Гүлзат Мамытбек Бишкек шаарынын тургундарына, меймандарына өзгөчө шоудогу чыгармачыл кечесин тартуулады. Андан тышкары ырчы 10 миң адамдын катышуусунда флэшмоб жасады.

Концерттин башында Гүлзат Мамытбектин англис тилин үйрөтүүчү китептери, ата мекендик өндүрүштөгү шириндиктер ойнотулду. Мындан тышкары борбордогу тамактануучу жайлардын бирине барууга жана 3000 сомдук сертификаттар күйөрмандарга тартууланып жатты.

Кийин кезек флэшмобго жетти. Атайын чакырылган хореограф көрөрмандарга бий үйрөттү. Андан кийин көрүүчүлөрдү кызыктыруучу суроо-жооп оюну болду.

Концерт ырчынын "Кыргызым менин" ыры менен башталды.

Кийинки ыр белек кыргыз-казак достугун даңазалаган казакча ыр болсо, андан кийин дем-күч берген ырлар жаңырды. Тыныгуу учурунда Гүлзат Мамытбектин "I can fly" ырына бир нече бийчилер жана каалоочулардын катышуусундагы флэшмоб орун алды.

Кийин сахнага Казакстандан чакырылган конок чыкты. Гүлзат айым: "Кайраттын үнүн укканда аны менен чогуу сүрөткө түшүп жаткан картинаны элестеткем. Азыр картина гана эмес бир сахнада ырдап калдык. Кыялдан кыргыз. Кыялдар орундалат. Менин кыялым жанымда!" деп Кайрат Тунтековду тосуп алды.

Ал эми кесиптешин колдоп келген казак ырчысы Гүлзат айымды планетанын дем берүүчүсү атап, жеке концерти менен куттуктады. Ал репертуарындагы ырларын аткарып жатканда Гүлзат Мамытбек сахнага чыгып Майкл Жексондун ырларын аткарып берүүнү суранды. Кайрат Тунтеков поп-музыканын падышасынын эки ырын жандуу ырдап берди.

Нукура кыргыз жигити Добр жана Курал Чокоев сахнага чыгып, Гүлзат Мамытбекти кыргыздын Виаграсы деди. Жигиттер "Тур, турагой, кыргызым!" чыгармасын аткарып баарын бийлетти. Концерттин жыйынтыктоочу бөлүгүндө ырчы түрк тилинде обон созуп, ырды атасына арнаганын билдирди. Андан кийин "Кыз бурак" аталышындагы чыгарманы англис жана кыргыз тилинде аткарды.

Концерт флэшмоб менен жыйынтыкталып, аягында көрөрмандарга ачык асман алдында дискотека уюштурулду.

Концерттин өткөн жери: "Азия Молл" соода борбору;
Башталышы: 30-июнь саат 18:00 (1 жарым саат кечигип башталды);
Аталышы: "Я номер один!";
Келген коноктор: Кайрат Тунтеков (Казакстан).


кошулду





Гүлзат Мамытбек концертке ак боз ат менен келди

Гүлзат Мамытбек концертинде кыргыздын Виаграсы аталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(13)
30.06.2019. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ольга Бузованы туурап.Орус оюндагыны кылса Кыргыз көргөнүн кылат болуп.
30.06.2019. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неге бирөө жетелеп жүрөт атты?
30.06.2019. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
неге эл тарапты тарткан эмес же эл жокпу корормандар?
30.06.2019. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын журоктон барибир
30.06.2019. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец ай Гулзат ...
30.06.2019. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куанбы Хуанбы менен жашап атабы же кандай
01.07.2019. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ообу жоктонуп... болду башка сөз жок
01.07.2019. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүльзат азаматсың.
01.07.2019. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тунтековбу же Тутеновбу Кайрат аяш?
01.07.2019. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
3000 миндик сертификат албай эле,кой ташка барсанар бекер тамак.
01.07.2019. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын сахнасы ушундайларга кор болду го
01.07.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге элди тарткан эмес
Же торт будур эле эл келдиби?
01.07.2019. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каяктагы виягра аллергиян чыгып атса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: