super.kg logo

630 килограмм салмактагы ташты, 300 килограммдык атты көтөргөн балбандардын тиреши Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесинде орун алды

 

30-июнда Суусамыр өрөөнүндө алп балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракеси болуп өттү. Иш-чарада кыргыздын улуттук спорттук оюндары ойнотулуп, байгеге унаа жана акчалай сыйлыктар берилди.

Таш көтөрүү оюнунда Келдибек Атайбек уулу 630 килограмм салмактагы ташты жерден 3-4 сантиметр өйдө көтөрүп, жеңүүчү деп аталды. Ал эми экинчи орун Равиль Нураковго буюруп, байгеге жылкы алса, үчүнчү орунду Нияз Курманкулов багындырып, акчалай сыйлык алды. Төртүнчү орунду Бектур Кеңешбеков ээлеп, акчалай сыйлыкка ээ болду. Мындан тышкары 300 килограмм салмактагы атты көтөрүү оюну дагы орун алды. Биринчи ирет ойнолуп жаткан оюнда Уларбек Күрүчбек уулу атты 20 сантиметр өйдө көтөрүп, жеңүүчү аталды. Балбан баш байгеге унаа алды. Байыш Жумабеков атты жерден 15 сантиметр өйдө көтөрүп, экинчи орунду багындырып, күлүк атка ээ болду. Үчүнчү орунду Нияз Курманкулов, төртүнчү орунду Руслан Молдокулов ээледи. Ошондой эле балбандар үчүн күрөш оюну дагы уюштурулду.

Мааракенин концерттик программасына элибизге белгилүү артисттер Чырмаш Төрөбеков, кыл кыякчы Залина Касымова жана башка маданият өкүлдөрү, төкмө акындар катышты. Иш-чарага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков дагы катышып, сөз сүйлөп, куран окулду. Мындан тышкары президент Суусамырдагы Каба уулу Кожомкулдун үй-музейине барып кайтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
01.07.2019. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жанагы чыпалак деген кучменди чакырбапсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: