super.kg logo

Жайдын аптаптуу күндөрүндө суусунду кандыруу үчүн эмне ичүү керек?

 

Жай келип, өлкө аймагын аптаптуу күндөр каптаган мезгил. Күндүн ысыгында ар бир эле адам чаңкап, суусунду кандыруу үчүн дүкөнгө чуркап кирип ар кандай муздак суусундуктарды сатып алат. Бирок дарыгерлердин айтымында, ар бир эле суусундук чаңкоону баса бербейт.

Дарыгер Анара Желдеңбаеванын айтымында, абанын температурасы адамдын денесинин температурасынан жогору болгон мезгилде, организмде терморегуляция процесси өзгөрөт. Ал учурда кандын айланышы жайлап, жүрөк-кан тамыр системинин иштешине күч келет.

"Азыркы күндөрү аба ырайынан ар кандай оорулар козголуп ооруканага кайрылгандар көп. Ысык аба ырайынан көбүнчө жашы өткөн адамдар жана балдар жабыр тартышат. Бул күндөрү тамакка ууланып ар кандай ичеги-карын ооруларына кабылып түшкөндөрдүн дагы саны арбын", - дейт Желдеңбаева.

Ысыкта чаңкоону баскыңыз келсе, дарыгердин төмөндөгү кеңештерине кулак салыңыз.

Суу

Жайдын аптаптуу күндөрүндө 1,5-2 литр суу ичүү туура болот. Суу клеткаларга бир гана кубат эмес, организмдеги ашыкча заттарды чыгарууга себеп болот. Ар кандай газдалган, боёк, химиялык заттар кошулган суусундуктарды ичпей эле койгон оң. Алар чаңкоону убактылуу гана басып, ден соолукка да зыян.

Чай

Кара же көк чай дагы ысык күндө чаңкооңузду басканга эң сонун каражат. Чайды ысык же муздак кылып ичсеңиз болот.

Табигый ширелер

Үй шартында жасалган эч кандай кошулмасы жок ширелер да аптапта жардамга келет. Адистердин айтымында, айрыкча помидордун ширеси чаңкоону тез басат.

"Ысыктын күнү туура тамактануу жана туура кийинүү да өзгөчө мааниге ээ. Бул күндөрү жашылча-жемиштер жана өтө майлуу эмес жеңил тамактарды тандап турганыңыз оң. Ууланып калбайын десеңиз, тамак жеп жатканда кылдат болуңуз. Анткени ысыктын күнү тамактар бат эле ачып, жегенге жараксыз болуп калат. Ошондой эле ачык түстөгү табигый материалдан жасалган кийимдерди кийүү зарыл. Баш кийими жана зарыл иши жок эшикке чыкпаганыңыз оң", - дейт дарыгер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.07.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суусунду кандыруу үчүн суудан өтөрү жок.
01.07.2019. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пиво!!! ))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: