Шашылыш билдирүү! 3-4-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн
3-4-июлда аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты бүгүн, 1-июлда Кыргызгидрометтен билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана бийик тоолуу райондорунда, Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы аймактарда нөшөрлүү жаан-чачын болот. Айрым райондордо мөндүр жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
3-4-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.


1 |