Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна чөгүп кеткен 26 жаштагы жарандын жансыз денеси туугандары тарабынан табылды
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна чөгүп кеткен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдирди.
"Бүгүн, 1-июлда Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна чөгүп кеткен 1993-жылы туулган Б.С. аттуу жарандын жансыз денеси табылды. Анын сөөгү Аламүдүн суусунан 2 километр ылдыйдан туугандары тарабынан алынып чыкты", - дейт басма сөз катчы.
29-июнда Б.С. Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Аны издөө иштерине ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынан, Суучулдар борборунан, Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан кызматкерлер тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.