Ырчы Арсен: "Жубайым менен кызымды төрөтканадан шаан-шөкөтсүз эле өзүм чыгарып келдим. Наристебизге Алия деген ысым ыйгардык"





29-июнда ырчы Арсен менен жубайы Бегайым кыздуу болуп, ата-эне статусун алышты. Арсен мырза кызына Алия деген ысым ыйгарганын SUPER.KG`ге билдирип, буларга токтолду.
"Бүгүн, 1-июлда жубайым менен кызымды төрөтканадан үйүбүзгө чыгарып келдим. Аларды чыгарып келүүгө өзүм эле бардым. Бегайымдын бир туугандары келишти. Досторум "качан чыгат, баралы, тосуп алалы" дешти. Бирок шаан-шөкөтү жок эле тынч чыгарып келүүнү туура көрдүм. Азыр үйдөбүз, кубанып жатабыз. Кызыбызга Алия деген ысым койдук", - дейт ал.
Түгөйлөр 2018-жылы июль айында баш кошушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
4

Алиянын дени сак,омурлуу,бактылуу,акылдуу жана акылдуу кыздардан болсун!