Жалал-Абад. Чаткалдын Терек-Сай айылындагы бала бакчаларда бир баланын тамагына күнүнө 35 сом бөлүнөт
Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы бала бакчаларда балдардын тамак ашына жергиликтүү бюджеттен 747 миң сом бөлүнүп берилди. Бул боюнча бүгүн, 5-августта аталган айылдын башчысы Бактыбек Турдалиев маалымдады. Айтымында, буга чейин ар бир баланын тамагына күн сайын 25 сомдон жумшалчу. Быйыл жергиликтүү кеңештин депутаттарынын демилгеси менен бул сумма 35 сом болуп жогорулады. "Терек-Сай айылында 3 бала бакча бар, анда 260тай бала тарбияланат. Биздин айылда жалпы 4100 тургун жашаса, 746 түтүн үй бар",- дейт Турдалиев.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

