super.kg logo
  Саясат  

Атамбаевдин Отунбаевага жообу: "Парламенттин аброюн мен эмес, депутаттар өздөрү түшүрүүдө"

 
(2015-жылы 7-апрелде тартылган сүрөт)

Бүгүн, 1-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушту. Анда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Роза Отунбаеванын ал тууралуу кайрылуусу боюнча комментарий берди.

"Роза Отунбаева "Атамбаевдин "чимкирик" дегени туура эмес, мындан парламенттин аброю түшүп калат, парламентти аяш керек" деп жазыптыр. Мен окуп таң калдым. Муну өзү жаздыбы же азыркы бийликтегилерби? 2010-жылы 7-апрелде Убактылуу Өкмөттү ойлоп таап, Кыргыз парламентин 1 жарым жылга жок кылган ким? Отунбаева болгон. Мен Убактылуу Өкмөт болбосун деп добуш бергем.

Ал учурда мыйзамдуу парламент, өкмөт жана президент жок болгон. Отунбаеваны эч ким шайлаган эмес да. Эгер кайрылууну өзү жазса, кыргыз элин 1 жарым жылга парламентсиз калтырганын эстемек да. Эмне болсо да ага экс-президент наамын бергем. Парламент болсун деп айтып жатам. Жок болгончо "чимкирик" парламент боло берсин. Анткени келечекте кыргыздарга парламенттик мамлекет керек. Парламенттин аброюн Атамбаев эмес, депутаттар өздөрү түшүрүүдө", - деди Атамбаев.

Бүгүн, 1-июлда экс-президент Роза Отунбаева өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча билдирүү жасап, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын колдобой турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: