super.kg logo
  Саясат  

Мавлян Аскарбеков, жаш саясатчы: “Таластын Көк-Сай айылын казактарга берүү тууралуу протоколду жокко чыгарууну талап кылабыз”

 

“Акаев Үзөңгү-Куушту, Бакиев Каркыраны сатты. Азыркы бийлик Талас облусундагы Көк-Сай айылын сатканы жатат. Бийлик элдин кызыкчылыгы үчүн иштебей жатат”. Мындай пикирди “Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков бүгүн, 5-августта маалымат жыйында билдирди. “Биз 2012-жылдын 18-сентябрындагы Көк-Сай айылын казак тарапка берүү тууралуу протоколду жокко чыгарууну талап кылабыз”,- деди ал. Айтымында, казактар аталган аймактагы “Быстроток” каналын ээлеп калууну көздөшүүдө. Эгер талаптар аткарылбаса, анда бир гана кичинекей каналды тоспостон, Киров суу сактагычындагы сууну коё берүү сыяктуу башка чаралар да кабыл алынарын кошумчалады ал. Маалыматка ылайык, “Быстроток” каналынан күнүнө 2 500 метр куб сууну пайдаланса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: