super.kg logo

Өмүрбек Текебаевдин балдары өз алдынча иликтөө жасап президентке кайрылышты

 

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин балдары өз алдынча иликтөө жасап, президентке кайрылышты. Аталган видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Камактагы саясатчынын балдары атасы Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө берген орусиялык ишкерлер Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин берген көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбей турганын, эс алуучу жайлардын биринде болгон жолугушуу да ойдон чыгарылганын айтып чыгышты.

Өмүрбек Текебаевдин кызы Ай-Данэк буга окшогон фактылар кылмыш ишинде көп экенин, эмне себептен Башкы прокуратура жана башка органдар мындай нерселерди эске албай жаткандыгына кызыккан.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча жактоочулардын арызын 16-июлда карайт.








Өмүрбек Текебаевдин балдары президентке кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
02.07.2019. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаевди акташ керек ал адам бирөөлөрдүн буйругу менен камалганын көпчүлүк билсе керек. Ал чыкса көбүнүн айыбы ачылат. Ошого чыгарбай жатышат го. Ал киши Кыргызстан үчүн көп жакшы нерселерди жасаган.
02.07.2019. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
NURSAPAR, эмнени жасады?
02.07.2019. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
NURSAPAR,эмне жасады баарынын иштешине тоскоолдук жатратып эле журду. Мисалы озу айткандай Бабановко.
02.07.2019. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Текебаевге боштондук!!!!!! ЛЕГЕНДАга боштондук!!!!!
02.07.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Өзү айткандай Текебаев кол чабуулар менен чыгат. Текебаевдин эмгегин эч ким эч качан тарыхтан өчүрө албайт.
02.07.2019. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Элдин башын оорутпай өзүнөр чечкилечи .
Башыңарга иш түшкөндө элим жэрим деп каласыңар .
02.07.2019. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул озунчо бир саясат так ушул кайрылуудан пайдаланып Жээнбеков Текебаевди чыгарса эл Жээнбековду колдойт).
03.07.2019. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызы кыйын экен. Молодцы!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: