Арыс шаарындагы жарылуудан жабыркагандарга Кыргыз өлкөсүнөн гуманитардык жардам жиберилди







Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуудан кийин Кыргыз өлкөсүндө ыктыярчылар тарабынан жардам берүү пункту ачылган. Кайрымдуулуктан топтолгон каражаттар Казакстанга жиберилгенин жеке ишкер Жапар Усенов жазып чыкты.
"Кайрымдуулук акциясы учурунда 200 килограммга жакын каражат топтолгон. Жарандар жуунуучу каражаттарды, наристелердин памперсин, кийим-кече алып келишкен. Мындан тышкары 3 миң сом акча каражаты дагы топтолгон. Гуманитардык жардамды "El Tiregi" казак ассоциациясы алып, муктаждарга таратып берет. Чогултулган каражаттар 1-июль күнү Казакстанга жиберилген", - деп жазган ал.
Арыс шаарында 24-июнда эртең менен жарылуу орун алып, тургундар башка аймакка көчүрүлүп, шаар толугу менен эвакуацияланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
8

Алар бизсиз эле мамлекет каалаган нерсесин бутуруп берет.