super.kg logo

Орусиянын суу каптаган Иркутск облусунда жалпы 7 миңге жакын Кыргыз жараны эмгектенет

 

Орусиянын суу каптаган Иркутск облусунда жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары бар же жогу такталып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы элчилигинин расмий өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

"Алгач берилген маалыматтарда жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экени аныкталган. Азыркы тапта тактоо иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Байымбетова.

Элчиликтин өкүлүнүн билдиргенине ылайык, азыркы тапта Иркутск облусунда жалпы 7 миңге жакын Кыргыз жараны жашап, эмгектенет.

Орусиянын Иркутск облусунда суу ташкынынан улам 12 адам каза болуп, 9 адам дайынсыз болууда. Кырсыктын кесепетинен 6 миң 700 турак жай, мектеп, оорукана жана социалдык мекемелер суу алдында калды. Жалпысынан табигый кырсыктын кесепетинен 751 адам жабыркап, 153 адам ооруканага жеткирилген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.07.2019. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Сибирь, Токтогул Сатылганов да болгон да бул жерде. Биз да эмгектенип келгенбиз, суугу эстен кетпейт да.
02.07.2019. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элчиликтин өкүлү жалганды урдурат экенда Иркутск шаарында эле 10000ге жакын кыргыз бар.Ал эми облуста 20000ге жакын десе жарашмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: