super.kg logo

“Бакай Банкы” менен “БТА Банкынын” башкармалыгы: “Биригүүдө банктардын артыкчылыктарын алабыз”

 

"Бакай Банк" ачык акционердик коому менен "БТА Банк" жабык акционердик коому биригип, коммерциялык банк катары ишин улантат. Өлкөдө ийгиликтүү иш алып барып жаткан эки банктын биригүүсү - кардалар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу болуп саналат. Бул тууралуу “Бакай Банкта” орун алган маалымат жыйында айтылды.

Маалым болгондой учурда акцияларды сатып алуу процесси бүттү. Эми Улуттук банктын нормативдери жана мыйзамга ылайык иш-чаралар жүргүзүлөт. Азыркы тапта эки банктын биригүүсү боюнча планды түзө турган атайын команда иштеп жатат.

“Бакай банктын” башкармалыгынын төрайымы Бакита Мундузбаева банктардын артыкчылыктарын бириктиребиз деген пикирин айтты.

“Өлкөдөгү банк системинде маанилүү окуя болуп жатат. “Бакай Банк” ата мекендик банк институн күчөтүү максатында ушундай чечим кабыл алды. Бириккен банк келечекте экономиканын кызыкчылыгына иштеген өлкөдөгү ири жана күчтүү финансылык мекеме болот. “Бакай банк” менен “БТА банк” эмитен эле бири-бирин толуктап турат. Азыр көп иштерди аткаруубуз зарыл. Учурда жоопкерчилик менен керектүү процедураларды жасап жатабыз”, - деди ал.

“БТА банктын” насыя берүү тармагындагы позициясы күчтүү болсо, “Бакай банк” салымчылар жана депозиттерди тартуу тармагында мыкты көрсөткүчтөргө ээ.

“БТА банктын” башкармалыгынын төрагасы Аалы Уманкулов биригүүдөн кийин банктын кредиттик портфелиндеги каражаттын суммасы 10 миллиард сом болорун айтты.

“Эки банкты бириктирүү боюнча кабыл алынган стратегиялык чечим кардарлар үчүн болууда. Өлкө аймагында банктардын филиалдары, түйүндөрү көбөйөт. Мамлекеттик деңгээлде атаандаштыкка туруштук бере ала турган банкты түзүү үчүн бүт аракетти жумшайбыз”, - дейт Уманкулов.

"Кыргызстандагы банктар союзунун" президенти Анвар Абрдаев банктардын чыр-чатаксыз биригип жатышы өлкөдө биринчи жолу болуп жатканын белгиледи.

"Ушундай күчтүү, ири мүмкүнчүлүктөрү бар банктын пайда болушу жакшы көрүнүш. Бул банк жетекчилеринин, кызматкерлерин ишинин жыйынтыгы деп билем. Дүйнөлүк стандарттарга жооп берген банк катары кеңейишин каалайм. Бул нерсе кардарлар үчүн жасалат эмеспи. Кызмат көрсөтүүлөр, насыя берүү ресурстарын арзандатуу жактары каралат деп ишенем", - деди Абдраев.
Банктын масштабынын кеңейиши кардарларга оперативдүүлүктү, ишенимдүүлүккө кепилдик берет. Биригүүдөн кийин кардарлар көптөгөн сберкасса жана филиалдарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Синергиядан улам мыкты жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүлөр сунушталат.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.07.2019. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Демек, жумуш орундары кыскарат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: