Милиция эскертет: "Интернетте жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат"



Интернеттеги социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында социалдык баракчалар болгон Facebook жана Whatsapp аркылуу белгисиз атуулдар тарабынан аймактар аралык жаңжалды козутуу максатын көздөгөн аудио жазуулар таркатылып кеткен. Буга байланыштуу Жалал-Абад ОИИБинин экстремизм, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы менен дин кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Алар Жалал-Абад облусунун шаар жана райондорундагы жума намазы жана жамааты көп мечиттерде айтылуучу баян учурунда жергиликтүү тургундарга бул багыттагы маалыматтарды жеткиришүүдө. Анда элди аймактарга, түндүк-түштүккө бөлүнүп, улуттар аралык мамилени козутууга жана башка ар кандай чагымчылдыкка барууга чакырышууда.
Ошондой эле улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн атуулдар ар кандай чагымчыл видеолорду таратышып, өлкө аймагында туруксуздукту көздөгөндөр Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартылары эскертилет.



1 |