Талас. Талас шаарынын мэри: "Шаарда шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар катталган жок"
Бүгүн Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков да мекен
алдындагы жарандык милдетин аткарып, Талас шаарындагы №111-шайлоо
участкасында жергиликтүү депутаттарды шайлоо боюнча добушун берди. “Бүгүн
Кыргызстандын келечеги үчүн эмгектенчү адамдардын тагдыры чечилет. Тандалган талапкерлер
эл ишеним көрсөтүп берген добуштарын актайт деген ишеничтемин. Биз алдыга
умтулуп, өсүшүбүз керек. Бул үчүн баарыбыз шайлоого катышып, татыктууларды
тандообуз абзел. Шаар боюнча жалпы 10 шайлоо участкасы бар. Учурда абал бир
калыпта, эч кандай мыйзам бузуулар шаар ичинде каттала элек”- деп билдирди
шаар башчысы.
Автор: Нургүл Чабдарова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

