super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев: "Атамбаев-Жээнбеков тирешинде Бабанов кимге өтсө, ошол тарап күчөйт дегенден алысмын". КҮНСОБОЛ

 

Президенттин иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Москвага барып Өмүрбек Бабановго жолукту деген маалыматтар интернетке желдей тарады. Мындан тышкары бийлик тараптагы депутаттар Төрөбай Зулпукаровдун жана Канатбек Исаевдин Москвадагы сүрөттөрү социалдык тармактарда жайгаштырылды. Азырынча аталган саясатчылар бул маалыматтарды четке каккан да, ырастаган да жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бабанов тирешип жаткан эки "достун" кимисине кошулса салмагын арттырат деп ойлойсуз?" деген соболуна саясат таануучу Алмазбек Акматалиев жооп берди.

"Чоң саясатчылар эч качан күтүүсүз эле саясий аренадан кетип калбайт. Алар ар дайым байланышып туруш керек. Көз караштарын теңеп турушу зарыл. Бабанов менен Атамбаев да, бийлик да кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатса, таң калбаш керек. Бабанов саясий фигура да: партиясы бар, парламентте фракциясы бар. Өткөндө мекениме келем деп ыңгайсыз абалда калды, бирок саясатчынын тагдырында мындай нерселер болуп турат.

Бабанов кимге өтсө, ошол жак күчөйт дегенден алысмын. Бабанов премьер болгон адам, партиясы бар, колунда адам бар. "Кыргыз өлкөм үчүн иштейм, инвестиция тартам" десе, бийлик менен жолугушуулары жана пикир алмашуулары боло берчү эле нерсе. 2020-жыл келе жатат, парламенттик шайлоо болот. Мындан улам маанилүү жолугушуулар боло бериши мүмкүн", - деди Акматалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: