super.kg logo
  Саясат  

"Республика - Ата-Журт" партиясынын жаштар канаты Атамбаевди колдоо митингине катышат

 

"Республика - Ата-Журт" партиясынын Жаштар комитети эртең, 3-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдоо штабы тарабынан уюштурулуп жаткан митингге катышат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда аталган партиянын Жаштар комитетинин төрагасы Азамат Баяманов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, митингге өлкөдөгү болуп жаткан акыйкатсыздыкка, мыйзамсыздыкка каршы болуп чыгышат.

"Биз өздөрүн элита деп атап алган эскилерден чарчадык. Алар өлкөнү өнүктүрүү, өлкөнүн өзгөрүшү тууралуу эмес, бир гана саясат менен алек болуп калышты. Бизге жаңы, жаш элита керек", - деген пикирин айтты ал.

Эртең, 3-июлда Бишкек шаарындагы "Медиа Форум" имаратында өтө турган митингдин ураанынын бири - "Эски элитадан арылабыз" деп аталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: