Акыркы алты айда 57 адам сууга чөгүп каза болду
2019-жылдын 6 айында 57 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сууга чөккөндөрдүн 18и 12 жашка чейинки балдар, 12си өспүрүмдөр, калгандары чоң кишилер. 57 адамдын 30у жай айында ар кандай себептер менен сууга чөгүп кетишкен.
Ал эми министрлик шар аккан сууга, терең саздарга жана көлдөргө адамдарды түшпөөгө чакырат. Азыркы убакта телефондорго балдарды суудан этияттоого чакырган ар кандай эскертүүлөр жөнөтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.