super.kg logo

Ысык-Көлдө бир өспүрүм жана 4 жашар наристе ата-энелери тарабынан кароосуз калып, сууга чөккөн

 

Жай айында Ысык-Көл облусунда бир өспүрүм жана 4 жашар наристе сууга чөгүп каза болду. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя май-июнь айларында облустун аймагындагы көлмөлөрдө болгон. Тактап айтканда, 28-май күнү Караколдо 15 жашар өспүрүм көлгө чөксө, бир айдан кийин 4 жашар наристе шар аккан арыктагы сууга түшүп, каза болгон.

Сууга чөгүп каза болгон балдар ата-энелер тарабынан кароосуз калгандыктан ушундай окуя болгондугу аныкталган.

"Бүгүнкү күндө, облуста көлдүн жээгинде атайын пляждар уюштурулуп, коопсуз сууга түшүүгө аракеттер көрүлгөн. Ал эми көл жээктеринин башка жерлеринде сууга түшүү кооптуу болуп саналгандыктан Ысык-Көл ОИИБинин жетекчилиги облустун аймагындагы кооптуу жерлерге көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди.Түп районунун милициясы мындай профилактикалык иштерге жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын өкүлдөрүн тартып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө, көл жээгинде, шар аккан суулардын жанында кароосуз жүргөн өспүрүмдөргө көңүл бурулууда. Рейддин жүрүшүндө ата-энелердин дагы өз балдарына кайдыгер мамилеси өкүндүрөт. Ушундан улам Ысык-Көл ОИИБи дагы бир жолу ата-энелерге эскертет. "Кырсык каш-кабактын ортосунда" демекчи, балдарыңарды көлдүн жээгинде, ылдам агуучу суулардын жанында кароосуз калтырбагыла", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: