super.kg logo

Желим бөтөлкөнүн капкагын ыргыта тепкен атактуулар. Вируска айланган #BottleCap челленжин жасап көрдүңүзбү?

 

Социалдык тармактарда #BottleCapChallenge деген оюн күндөн күнгө өзүнүн катарын өстүрүп жатат. Тагыраагы, желим бөтөлкөнүн капкагын буту менен учура тепкен челленжге кызыккандардын саны өсүп, атактуулар дагы катышууда.

Бул вирустуу челленжди казакстандык мушкер Карен Пашикян баштаган деген маалыматтар бар. Ал бөтөлкөнүн капкагын ыргыта тепкен видеосун социалдык тармактагы баракчасына жүктөп #farakickschallenge жана #bottlecapchallenge деген хэштег калтырган. Кийинчерээк бул оюнду кайталагандар экинчи хэштегди колдонушкан.

Ошондой эле мушкер таэквондо боюнча Дүйнө чемпиону Аль-Фараби Давлетчин менен белгилүү америкалык актёр Жейсон Стейтемди бул челленжди кайталоого чакырган.

Көп өтпөй эле дүйнөгө белгилүүлөр челленжди кайталап, видеолору менен бөлүшө баштаган. Мушкер Макс Холлоуэй челленжди кайталаган.

UFC`нин экс-чемпиону Конор Макгрегор

Көпчүлүккө Дипло каймана аты менен таанылган америкалык ди-джей, продюсер Томас Уэсли Пентц

Америкалык ырчы, аткаруучу, гитарачы Жон Клейтон Майер

Тай боксу боюнча Дүйнө чемпиону Ирина Ларионова башкалардан айырмаланып желим бөтөлкөнүн эмес, айнек банканын капкагын тепкен.

Орусиялык белгилүү рэпер Тимати

Аталган челленжди кыргыздын белгилүүлөрү дагы кайталаган. Айрымдары капкакты учура тепсе, айрымдары аткара албай калган. Бирок видеону тамаша үчүн жүктөгөн.

Актёр, каскадёр жана вайнер Зияш Турдубеков

"Жарайт сити" долбоорунун актёру Нурсултан Курсанали уулу челленжди кайталоого аракет кылган.

Вайнер Шумкар Бейшеналиев

"Азия Mix" КВН командасынын мурдагы оюнчусу Данияр Болотбеков

Бул челленжди жаш актёр Азамат Уланов дагы жасап, видеосу менен бөлүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.07.2019. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
04.07.2019. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Олду го биздикилер катарынан туурап, мен шампанскийдин капкагын ача тебем.
04.07.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сары тушуруптурго аны эмне жазбадынар?
04.07.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн зор шумкар 55555555555555555555555
04.07.2019. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандык бир жигит жакшы аткарган бул челенджди,ошону жуктосонор болмок,кызыл кепкачан,кызыл футболкачан,артында KYRGYZ REPABLIK деген жазуусу бар,ФБдан коргом 2 кун мурун,оло танкалып сыймыктангам..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: