super.kg logo

"Башкы каармандын ролун жараткан бала клипке тартылуу үчүн Жалал-Абаддан бир чемодан кийимин ала келиптир" деген Дайыр Исмадияровдун чыгармасы "Супер хитке" кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Дайыр Исмадияровдун "Каражан" деген видеоклиби кошулду.

"Бул чыгарманы гастролдоп жүргөндө Байсал деген досум экөөбүз жазганбыз. Ал эми клип концерттик тур аяктагандан кийин тартылды. Клиптеги башкы каармандын ролун жараткан жигит кастинг аркылуу тандалган. Өзү Жалал-Абаддан болот экен. Кызыгы "клипти тартабыз, кел" деп чакырганыбызда бир чемодан кийимин ала келиптир. Ал эми кыз тааныш баламдын сунушу менен тартылган. Клиптин режиссёру жана сценаристи өзүм болдум", - дейт ал.

26-ИЮНДАН 3-ИЮЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" аталышындагы клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Кайрат Примбердиевдин "Эстей берем" чыгармасы камсыздады.

8-орун - Фарида Карбосованын "Ашыгам" видеоклибине буюрду.

7-орунду - Роза Шакированын "Сени менен" аталышындагы чыгармасы багындырды.

6-орунду - Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун "Жаным, жаным" клиби ээледи.

5-орунду - Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" видеокомпозициясы камсыздады.

4-орун - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" аталышындагы чыгармасына буюрду.

3-орун - Айжамал Кабылованын "Сүйүү азабы" видеоклиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунду - Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы чыгармасы ээледи.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.07.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул мактанганын койбойт экен да
03.07.2019. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир чемодан кийими менее барыптыр,анан?Эмне себептен бул окуяны баарына айтып жатат?Эмне кереги бар айтып?
04.07.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урмат менен Нелянын ырларын воообщем угуп коргон эмесмин! Же бир Хит же отоо Бум болгон ырлары деле жокко!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: