Орусияда суунун тереңиндеги илимий изилдөө аппаратында чыккан өрттөн 14 жоокер каза тапты
Орусиянын суунун тереңиндеги илимий изилдөө аппаратында чыккан өрттөн аскер-деңиз флотунун 14 жоокери каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык 1-июлда батиметриялык ченөө иштерин жүргүзүп жаткан маалда катталган. Анда жоокерлер иске ууланып каза болгон.
Аппараттын ичиндеги команданын ыкчам иш-аракетинин натыйжасында өрт чектөөгө алынып, өчүрүлгөн. Кырсык учурунда аппараттын ичинде жалпы канча адам болгону так белгилүү эмес.
"Кырсыктын себептери иликтенип жатат. Иликтөөнү Аскер-деңиз флотунун кол башчысы Николай Евменов жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Аппарат азыркы тапта Мурманск облусундагы Севеморск аскер-деңиз базасына жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

Рейтинг:
-1
