super.kg logo

Москвага үй-бүлөсүн багуу үчүн кетип, дайынсыз жоголгон киши өзүн-өзү өлтүргөнү аныкталды. Аны аялы 2 жыл издеп күткөн

 

Орусиянын Москва шаарына үй-бүлөсүн багуу үчүн кетип, 2 жыл дайынсыз жоголгон киши өзүн-өзү өлтүргөнү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2019-жылдын февраль айында маркумдун аялы ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, жарандык никедеги жолдошу, Чүй облусунун 1968-жылы туулган М.С. аттуу тургуну дайынсыз жоголгондугун билдирип, жардам көрсөтүүнү суранган. Ал жолдошу менен акыркы жолу Москвадан 2017-жылы 11-июль күнү көрүшкөн. Алар 2001-жылдан бери чогуу жашашканы, экөөнүн ортосунда жашы жете элек 3 баласы бар экендиги, Москвага 2016-жылы каражат табуу максатында келишкени аныкталган.

Жубайы 2017-жылдын июль айынын аягында жарандык никедеги жолдошунун дайынсыз жоголгондугу тууралуу факты боюнча арыз менен жергиликтүү полиция бөлүмүнө кайрылган жана ушул күнгө чейин текшерүүнүн жыйынтыгы белгисиз экендигин, ошол эле убакта өз өлкөсүнө келгенине байланыштуу жашаган жерин жана телефон номурларын өзгөрткөнүн билдирген. Узак убакыттын ичинде өзүнүн издегени эч кандай жыйынтык берген эмес.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылгандан кийин Орусиянын аймагында дайынсыз жоголгон Кыргыз жаранын издөөнү уюштуруу үчүн Орусиянын ИИМине кайрадан кайрылуу чечими кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн иш-аракети менен Москва шаары жана Москва облусу боюнча аймактык бөлүм менен биргеликте дайынсыз жоголгон М.С. аттуу жарандын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Сүрөттөлгөн маалыматтарга окшош, таанылбай калган өлүктөрдү тактоо үчүн Орусиянын ИИМинин бардык каттоолору текшерилген.

2019-жылдын 28-июнь күнү жубайынын катышуусу менен 2017-жылдын 16-июлунда Москва шаарынан киши колдуу болуп өлбөгөн белгисиз адамдын жансыз денесинин сүрөтүн көрсөтүү боюнча өлүктү таануу жүргүзүлгөн. Аталган факты өзүн-өзү өлтүрүү катары катталып, экспертиза жүргүзүлүп, маркумдун жансыз денеси өлүкканага жеткирилип, кийин жерге көмүлгөн. Көрсөтүлгөн сүрөттөр боюнча аял 2 жылдан бери дайынсыз жоголгон өзүнүн жарандык жолдошун тааныган.

Азыркы учурда зарыл болгон процесстик иш-аракеттер жүргүзүлүп, тиешелүү документтер алынып, эксгумация тууралуу жана "жүк-200" менен кичи мекенине жөнөтүү маселелери чечилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
04.07.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2019-жылдын 28-июнь күнү жубайынын катышуусу менен 2017-жылдын 16-июлунда Москва шаарынан киши колдуу болуп өлбөгөн
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/276017/
04.07.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Киши колдуу болуп олгонбу же кандай?
04.07.2019. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соокту жылдырып эмне кереги бар.эми андан коро дуа кылып отурган жакшы го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: