Дүйнөдө WhatsApp, Facebook жана Instagram'дын иши үзгүлтүккө учурады
Бүгүн, 3-июлда дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө WhatsApp, Facebook жана Instagram социалдык тармактарынын иши үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Бишкек сааты боюнча 20:00 чамасында Instagram колдонуучуларынын көбү маалыматтар жаңыланбай жатканын айтышты. Facebook'та сүрөттөр жүктөлбөй жатат деген арыздар түштү. Ал эми WhatsApp боюнча серверге туташууда жана файлдарды жүктөөдө маселе жаралып жатканы айтылды.
Бул үч социалдык тармак Facebook компаниясына таандык. Ал азырынча бул үзгүлтүккө учуроолор боюнча комментарий бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Instagram такыр иштебей койсо да мейли Instagram да жалан ж.п лар жамбаш кочук пранк бир грамм пайдасы жок убактты текке кетирген роликтер
100 дон 99 у жасалма.
Instagram да пайдалуу нерсе болсо айткылачы. Жун чыккан жеринен баштап тырмакынын учуна чейин бут жасалма. Мейкаптар.