super.kg logo

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү. Аида Салянованын тууганы Калыйбек Элтуйбасовго АКШдан баш паанек берилди

 

Киши колдуу каза болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу издөөдө жүргөн Калыйбек Элтуйбасовго жана анын үй-бүлөсүнө АКШдан баш паанек берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аида Салянованын туугандары билдирди.

Маалыматка ылайык, чечимди АКШнын иммиграциялык соту 2019-жылдын 12-февралында чыгарган.

"Ал жактагы соттор бардык маалыматтарды карап көрүп анан чечим чыгарыптыр. Бизге бул маалымат жакынкы күндө гана колубузга келип түштү", - деди Элтуйбасовдун жакындары.

2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын четинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Аида Салянованын тууганы Калыйбек Элтуйбасов (Саляновдун) кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
04.07.2019. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Башка кылмыштардын баарынын бетин чагылгандай бат ачып, ушуга келгенде эле эч нерсе табылбай, Камиланы башка планетедан келип өлтүрүп кеткендей эле болуп калды. Бул иш, Аида прокурор болуп турганда болгондугу үчүн басылып кеткен. Бирок бул ишти жаап койгону менен, баарибир башка бир тууганы өлүп, Аидага Кудай Камиланын ата-энесине жасаган адилетсиздиктин бетин көрсөтүп койдуго. Ошондо эле ушул байкесин жоопко тартып, жазасын бергенде инисинин башына балее келбейт беле ким билсин.
JENTLEMAN түзөттү 2019-07-04 19:30:40
04.07.2019. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
JENTLEMAN,туура ой кошулам, эми Салянова озу жатат турмодо , таба эмес тобоо
04.07.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Чырактай өмүр өчүп, алигече кылмыштын бетин ача албаса, 1500 эмес 10000 адамдан сурак алсанар да пайдасыз.
04.07.2019. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уят Саляновдор,созунорго жооп бере албайт экенсинер Эмне керсейесинер
04.07.2019. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эх Кыргызстан..кээде аты коркунучтуу инсандарды элестеткен олко болуп кетет....кыргыз эли мурун кандай элек,,,,эми кандай акыбалга келдик ....Адам эмес айбанга да окшобогон жер устундо басып жургон нерседейбиз...акыл турса да акчага азгырылып,акча турса да ,дагы ага жутунган жан болдук.....
04.07.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жазадан кутулуптурда эмнеси болсода , но ничего кудай астында жооп бересинер наадандар
04.07.2019. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аида, кайдагы пайдасыз саясатка катын башы менен аралаша коюп, бир жакшына үй-бүлөнү чачыратып жок кылды. Эч бир саясат менен иши жок, өзү менен өзү болуп жашап жаткан иниси өлтүрүлдү. Байкеси мынтип качкын болуп акшынын колтугуна кирип кетти. Аида өзү иттин күнүн көрүп түрмөдө отурат. Же Кыргызыстан үчүн маанилүү пайдалуу иштери жасап кетсе да макул десең болмок. Эч кандай иштерди жасабай эле түрмөдө отурат. Ушудан көрө ысык үйүндө, бала-чакасын жыттап, саясатсыз эле жашай бербейби күйөөсү мн.
05.07.2019. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир тууганым баш прокурор болчу аны камады мени да камайт деп политический сурады да. Анан дагы миллиондогон доллар менен кирсе өтө жеңил берилет АКШ паспорту. Камиланын арбагы койо бербестир сени. Жазаңды аласын кайда жүрсөң дагы
05.07.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой мекендештерим билип билбей эле эмнелерди жазып жатасынар??????? Америка бул силерге Кыргызстан эмес же Россия. Америкага жашоого укук аланга млрддаган адамдар кезекте турушат. ЦРУ менен ФБР бул биздин органдар эмес заказ аткара турган алар дыккат жана каттуу клзомолдо иштешет.мен ушул окмоттун сот органдарынан суранат элем калп эле элдердин башын айландырганды токтотушса.ал Эми Камиланын жаткан жери жайлуу болсун бейишинен кудайым орун берсин,
05.07.2019. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daniel87, Ошондо эмне дедиң келип жатат? Же эмне дегиң келди?)).
08.07.2019. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан тиги Калыйбек кантип алыптыр АКШдан баш паанек конечно сатып алды болбосо ага ким бекер бермек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: