Бишкекте сабалган Нигериянын жараны каза болуп калды

4-июлдан 5-июлга караган түнү Бишкектин борборунда сабалган Нигериянын жараны Т.А. каза болду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Нигериянын жараны Т.А. 2-июль күнү Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Абалы аябай оор болуп комада болчу. Кечээ түн ичинде каза болуп калды", - дейт министрликтин маалымат кызматы.
2-июлда социалдык тармактарда Бишкектин ортосунда жайгашкан "Айчүрөк" соода борборунун аймагында сабалган чет элдик жарандын видеосу тараган. Сабалган жаран Бишкектеги тил үйрөтүүчү мектептердин биринин директору 1985-жылы туулган Т. Абубакар экени айтылган.
Бул окуядан улам өкмөт башчы чуулуу окуяга күнөөлүүнү тез арада кармоого ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, мыйзам жоопкерчилигине тартуу керек экенин белгилеген. Ал эми Нигерия жаранынын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырган. Бул кылмышка шектелип 22 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган.

Мусулман болгон үчүн гана сага жалко болуп калдыбы. Мусулман болбосо деле жалко. Адамдын динине же сыйынганына карап мамиле жасабаш керек. Бул ашыкча сокур фанатизм. Мусулмандын баары эле адам эмес, айбан сымалдары толтура эле жүрүшөт. Мисалы молдолордун көбү эки жүздүүлөр.
Сунуш: Кармалган адамды Нигерияга откоруп ошол жактын закону менен соттосо адилеттуу болмок. Ушуга окшогондорго пожизненный срок аздык кылат