super.kg logo

Бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттардагы каталар боюнча иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды

 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттагы ката жазуулар боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 233-берене (коммерциялык жана башка уюмдардын ыйгарым укугунан кыянаттык менен пайдаланышы) менен катталган. Сотко чейинки өндүрүштө белгилүү болгондой, бул жылы жалпысынан 95 миң экземпляр аттестат ката басылып чыккан.

"Ал аттестаттарды карап чыкканда "жөнүндөгү" деген сөздө "н" тамгасынын ордуна "ң" тамгасы жазылган. Дагы бир ката Нарын облусундагы Туз айылындагы бүтүрүүчүлөр үчүн даярдалган аттестаттарда табылган. Анда "реднюю" деген сөз ашыкча жазылган. Бул жагдайларды ар тараптуу жана объективдүү кароо үчүн тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат Финполициянын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
05.07.2019. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн туура мамлекетке,бутуруучулорго зыян келтирген сабатсыздар, кайдыгер мамиле кылгандар куноосуно жараша жооп бериши керек. Ушул сабатсыздардын айынан Россияда коптогон мекендештерибиз жабыр тартып келет. Же туулган куну туура эмес жазылган,же бир тамганы добрыйлык кылып кошуп койгондор.Сабатсыздыктын айынан Кыргыз олкобуз онолбой келет. Депутаттардан баштап ...... чейин.
05.07.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Super.kg сусанна егорян жонундо маалымат берип койунуздарчы мисс азия 2019 женуучу болдубу ошол кыз кыргызстандын атынан чыгып
08.07.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur_zhoni, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
05.07.2019. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өткөндө Ң тамгасы жазылган эмес,Н тамгасы ашыгыраак боёктон улам ң сыяктуу көрүнүп калган деп актанып жатышпады беле. Ң деп эле жазылып калыптыр го
05.07.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каратып туруп эле , жаш баланы алдагандай министрликтен "Н" эле деп актанып атты эле . Алдай берип конуп калышканго.
ma2as түзөттү 2019-07-05 13:20:33
05.07.2019. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ ошол макаланы кайра чыгарып койгулачы , министрликтен актанганды . Ким эле ошол тамганы айырмалай албаган .
05.07.2019. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козомолдой албаганы учун билим министри отставкага кетиши керек болчу, алар деги эмне жумуш кылып жатышат айлык алгандан башка,булардын устунон козомолдогон ак уйдогу зав. отделдер, парламенттеги кыйын чыкмалар эмнеге унчугушпайт, демейде сайрашат ко...
guard түзөттү 2019-07-05 18:26:18
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: